• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ЖККУга мүчө-мамлекеттердин президенттери Афганистандагы кырдаалды талкуулашты

Президент 0

Бишкек, 23.08.21. /Каба/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-августта, орус тараптын демилгеси менен Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин видеоконференция форматында өткөн кезексиз отурумуна катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Кезексиз отурумга Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев конок катары катышты.

Тараптар Афганистандагы кырдаал жана анын ЖККУ мүчө-мамлекеттеринин коопсуздугуна тийгизген таасири тууралуу пикир алмашышты.

Президент Садыр Жапаров кырдаалдын терс жакка өөрчүп кетпеши, коопсуздук чакырыктарына жана коркунучтарга өз убагында адекваттуу жооп берүү үчүн биргелешип аракет кылуу, өз ара кызматташууну тереңдетүү, жамааттык чараларды бириктирүү зарылдыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий