• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЖККУга мүчө мамлекеттердин ТИМ башчылары бир катар биргелешкен билдирүүлөрдү кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 15.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 15-сентябрда КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Душанбе шаарында өткөн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун тышкы иштер министрлеринин кеңешинин, коргоо министрлеринин кеңешинин жана коопсуздук кеңештеринин катчылар комитетинин биргелешкен жыйынына катышты. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууга катышкандар эл аралык жана регионалдык кырдаалдын абалы жана өнүгүү перспективалары боюнча кылдат пикир алмашышты.

Өзгөчө көңүл Афганистандагы азыркы кырдаалга жана анын ЖККУга мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна тийгизген таасирине бурулган. Ошондой эле ЖККУ менен КМШ, ШКУ, ошондой эле башка эл аралык уюмдардын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланды.

Министр Руслан Казакбаев өз сөзүндө коопсуздуктун жаңы пайда болгон чакырыктарына жана коркунучтарына жооп кайтаруу боюнча жамааттык жана консолидацияланган чараларды өз убагында иштеп чыгуунун маанилүүлүгүнө, ЖККУнун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары боюнча кызматташууну кеңейтүүгө жана Уюмдун ыкчам аракеттенүүчү жамааттык күчтөрдүн потенциалын жогорулатууга көңүл бурду.

Министр мүчө мамлекеттердин жамааттык коопсуздугун камсыз кылуу эффективдүү кызматташуу жана практикалык өз ара аракеттенүү аркылуу ишенимдүү система курулганда гана мүмкүн болорун баса белгиледи. ЖККУнун ТИМК, КМК, КККМ биргелешкен жыйынынын алкагында саясий жана аскердик тармактарда, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу жаатында жамааттык коопсуздук системасын андан ары өнүктүрүү боюнча 25 документке кол коюлду. ЖККУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер органдарынын жетекчилери бир катар биргелешкен билдирүүлөрдү кабыл алышты, маалыматтык коопсуздук жана кибер терроризмге каршы күрөшүү жаатында биргелешкен аракеттерди координациялоо жөнүндө; Жакынкы Чыгышта жана Түндүк Африкада кризистик кырдаалдарды чечүү үчүн жамааттык аракеттер тууралуу; БУУнун Уставынын принциптерин дагы бир жолу ырастоо жана алардын так сакталышын камсыз кылуу үчүн кызматташтыкты күчөтүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын демилгеси менен КМШнын 30 жылдыгына жана ШКУнун 20 жылдыгына карата Билдирүү кабыл алынды. Мындан тышкары ЖККУга мүчө мамлекеттердин чек ара аймагында ишенимди бекемдөө жөнүндө билдирүүнү кабыл алуу пландалууда. Кошумчалай кетсек, биргелешкен жыйында Коргоо министрлеринин кеңешинин жана Уюмдун Коопсуздук кеңештеринин катчылар комитетинин ишине байланышкан бир катар документтер жактырылды.

Мындан тышкары, биргелешкен жыйында ЖККУнун Жамааттык Коопсуздук Кеңешинин сессиясынын жүрүшүндө мамлекет башчыларынын бекитүүсүнө бериле турган документтер жактырылды. Тараптар ЖККУга мүчө мамлекеттердин өз ара кызыгуусун туудурган бардык чөйрөлөрдө мындан аркы өз ара аракеттенүүсүн активдештирүүгө макулдашышты.

Эртең, ушул жылдын 16-сентябрында ЖККУнун Жамааттык Коопсуздук Кеңешинин кезектеги сессиясы Душанбе шаарында өтөт жана анын жыйынтыгы боюнча кийинки сессиялар аралык мезгилде Уюмга төрагалык кылуу Тажикстан Республикасынан Армения Республикасына өтөт.

Пикир

Оставить комментарий