• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ЖККУнун алкагында тышкы саясатты координациялоону күчөтүү маселеси талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 01.04.21. /Кабар/. 31-мартта Москвада Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиевдин катышуусу менен Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) мүчө мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде консультациялар болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, консультациялардын жүрүшүндө тышкы саясий ведомстволордун башчыларынын орун басарлары актуалдуу эл аралык маселелер, ЖККУнун алкагында тышкы саясатты координациялоону күчөтүү, ошондой эле ЖККУнун Байкоочусунун жана ЖККУнун Өнөктөшүнүн макамы боюнча пикир алмашышты.

Мындан тышкары, ушул жылдын апрель жана май айларында өтө турган ЖККУнун уставдык органдарынын отурумдарына, ошондой жылдын экинчи жарымында Душанбе шаарында пландаштырылган ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына даярдыктын жүрүшү талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий