• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЖККУнун башкы катчысы иш сапары менен Кыргызстанга келет

Саясат 0

Бишкек, 30.08.21. /Кабар/. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Станислав Зас 31-августтан 2-сентябрга чейин иш сапары менен Кыргызстанга келип, өлкөнүн жогорку саясий жана аскерий жетекчилери менен жолугат. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

ЖККУнун башкы катчысы 15-16-сентябрда Душанбе шаарында өтө турган ЖККУнун кезектеги сессиясына жана Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин, Коргоо министрлер кеңешинин жана Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин биргелешкен жыйынына даярдыкты талкуулап, ЖККУнун аймагындагы абал тууралуу маалымат берет.

Пикир

Оставить комментарий