• 84.8
  • 102.11
  • 1.15

ЖККУнун башкы катчысы Кыргызстандын куткаруу кызматтарынын ишин жогору баалады

Коом 0

Бишкек, 10.10.19. /Кабар/. ЖККУнун башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков Кыргызстандын куткаруу кызматтарынын ишин жогору баалады. Бишкекте өтүп жаткан Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин Өзгөчө кырдаалдар боюнча координациялык кеңешинин кезектеги XII жыйынында Семериков билдиргендей, комплекстүү тапшырманы аткарууда Кыргызстандын куткаруу кызматтарынын ишине көз чаптыруу ал үчүн жагымдуу болгон.

"Карап туруу жагымдуу болду. Биздин бөлүмчөлөрдүн техникалык жактан жабдуусуна карашыбыз керек, анткени ал тапшыраны аткаруу үчүн бардык талаптарга жооп бериши керек", - деди ал.

Андан тышкары, Валерий Семериков кошумчалагандай, бүгүнкү күндө ЖККУга мүчө-өлкөлөрдүн кризистик борборлорунун жабдылышы боюнча активдүү иштер жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий