• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

ЖККУнун Башкы катчысы Садыр Жапаровду президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 12.01.21. /Кабар/. Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Башкы катчысы Станислав Зась Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын президенти кызмат ордуна шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун шайлоо штабынан кабарлашты.

“Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму ЖККУ алкагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн сиз тастыктаган багытты жогору баалайт. Кыргыз Республикасы мындан ары дагы биздин Уюмдун ишмердигинин өркүндөшүнө жана натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салымын кошот деп ишенет. Сизге чың ден соолук жана жогорку мамлекеттик кызматтагы жооптуу ишиңизге ийгиликтерди каалайм”, - деп айтылат куттуктоо телеграмасында.

Пикир

Оставить комментарий