• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЖККУнун Башкы катчысы Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 31.12.21. /Кабар/. ЖККУнун Башкы катчысы Станислав Зась Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жылы менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирет.

«Келе жаткан 2022-жыл менен чын жүрөктөн чыккан эң жакшы куттуктоомду кабыл алыңыз!

Өтүп жаткан жылы Кыргыз Республикасы мамлекеттик эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын майрамдоо менен социалдык-экономикалык өнүгүүдө ири ийгиликтерге жетишти жана эл аралык аренадагы позициясын бир топ чыңдады.

Биз Кыргызстандын евразиялык мейкиндигинде тынчтыкты жана туруктуулукту чыңдоодогу ролун, ошондой эле ЖККУга мүчө-мамлекеттердин союздаштык мамилелеринин натыйжалуулугун арттырууга Сиздин жеке салымыңызды жогору баалайбыз.

Жамааттык коопсуздук келишимине кол коюлгандыгынын 30 жылдыгында жана уюмдун 20 жылдыгынын алкагында мамлекеттерибиздин ортосундагы конструктивдүү кызматташтыкты тереңдетүү багыты улана берерине ишенем», - деп айтылат куттукттоо телеграммасында.

Станислав Зас Садыр Жапаровго чың ден соолук жана жооптуу ишиңе ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын элине тынчтык жана гүлдөп өсүп өнүгүүнү каалады.

Пикир

Оставить комментарий