• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЖККУнун жаңы башкы катчысы болуп Юрий Хачатуров дайындалды

Саясат 0

Бишкек, 14-апрель /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жаңы башкы катчысы болуп Юрий Хачатуров дайындалды. Бул тууралуу журналисттерге башкы катчынын орун басары – ЖККУ башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семеряков билдирди.

Мындай чечим ЖККУ мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын Бишкекте өткөн бейформал жолугушуусунда кабыл алынган.

Мурдагы башкы катчы Николай Бордюжа Жамааттык коопсуздук кеңешинин биринчи даражадагы көрүнүктүүлүк белгиси менен сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий