• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ЖККУнун жаңы башкы катчысы болуп Станислав Зась дайындалды

Саясат 0

Бишкек, 28.11.19. /Кабар/. Беларуссиянын өкүлү Станислав Зась Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) жаңы башкы катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин бүгүнкү саммитинде ЖККУ башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков маалымдады.

Анын айтуусунда, бүгүн ЖККУга мүчө-мамлекеттердин башчылары Беларуссиянын өкүлү Станислав Засты 2020-жылдагы ЖККУга жаңы катчы болуп дайындалышы менен куттукташкан.

Белгилей кетсек, бүгүн, 28-ноябрда Бишкекте ЖККУнун кезектеги саммити өтүп, сессиясынын жыйынтыктары боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий