• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ЖКнын аппарат жетекчиси ЕККУнун Программалык кеңсесинин жетекчиси менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.05.23./Кабар/. Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Шабданбек Алишев Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун (ЕККУ) Бишкек шаарындагы Программалык кеңсесинин жетекчиси Алексей Рогов менен жолугушту.

ЖКнын маалымат кызматынан билдиришкендей, тараптар 2023-жылга карата кызматташуу планына кол коюшту.

Бул келишимге ылайык, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси Жогорку Кеңешке парламент институтун бекемдөө, анын профессионалдык деңгээлин чыңдоо, ачык парламенттин принциптерин киргизүү, Жогорку Кеңешке караштуу “Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борбору” мамлекеттик мекемесинин потенциалын күчөтүү боюнча көмөк көрсөтүүнү пландаштырууда.

Муну менен катар миграция жана адам сатуу жаатындагы мамлекеттик саясаттын ишке ашырылышын парламенттик көзөмөлдөөнү күчөттүүгө колдоо көрсөтүү жана парламент менен өз ара аракеттенүүдө гендердик теңчиликти жана саясатта аялдарды алдыга жылдыруу боюнча иш-чараларды өткөрүү мерчемделген.

Пикир

Оставить комментарий