• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

ЖКнын бир катар депутаттары КМШ ПААнын сыйлыктары менен сыйланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.01.23. /Кабар/. Бүгүн, 27-январда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бир катар депутаттарга Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) медалдарын жана Эстелик белгилерин тапшырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Алсак, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин маалымат мейкиндигин калыптандырууга кошкон көрүнүктүү салымы үчүн КМШ ПААнын жана Мамлекеттер аралык "МИР" телерадиокомпаниясынын "Древо дружбы" алтын медалы менен Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеӊештин регламенти боюнча комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова сыйланды.

Ошондой эле парламентаризмди өнүктүрүүгө жана чыӊдоого сиӊирген эмгеги үчүн, Шериктештиктин ишинин укутук негиздерин өнүктүрүүгө, эл аралык байланыштарды жана парламенттер аралык кызматташтыкты чыӊдоого кошкон салымы үчүн КМШ ПААнын 30 жылдыгына арналган медалдары менен "Ынтымак" парламенттик фракциясынын лидери Марлен Маматалиев, "Альянс" парламенттик фракциясынын лидери Жанарбек Акаев жана "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков сыйланышты.

Мындан тышкары, КМШ ПААнын 30 жылдыгына арналган Эстелик белгиси менен депутаттар Камила Талиева менен Бахридин Шабазов сыйланышты.

Жолугушууда эл өкүлдөрүн сыйлык менен куттуктаган төрага Нурланбек Шакиев, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө депутаттардын кошкон зор салымын белгилеп, мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий