• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ЖКнын депутаты Данияр Төлөновдун агасы пара менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.01.19. /Кабар/. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Төлөновдун агасы Бахтияр Төлөнов пара менен кармалды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалымдалгандай, Бахтияр Төлөнов борбордогу кафелердин биринен кармалган. Ал пара берүүнү талап кылган деп шектелүүдө.

Бахтияр Төлөнов КР Мамлекеттик миграция кызматынын Маалыматтык кеңеш берүү борборунун директорлук кызматын ээлеп турган.

Пикир

Оставить комментарий