• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЖКнын эки депутаты ЖККУ ПАнын иш-чараларына катышып жатат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30.03.18 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин депутаттары Алмасбек Акматов менен Искандер Гайпкулов Санкт-Петербург шаарында (Россия) өткөн Жамааттык коопсуздук боюнча келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) иш-чараларына катышып жатат. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ Жогорку Кеӊештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Алмасбек Акматов ЖККУ ПАнын Саясий маселелер жана эл аралык кызматташтык боюнча туруктуу комиссиясынын отурумуна катышты.

Ал эми Жогорку Кеӊештин Экономикалык жана фискалдык комитетинин мүчөсү Искандер Гайпкулов ЖККУ ПАнын Социалдык-экономикалык жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын ишине катышты.

Пикир

Оставить комментарий