• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ЖКнын көзөмөлдөө ишмердүүлүгүн чагылдырган мыкты материалдар боюнча ЖМКлар арасында сынак жарыяланат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.04.18 /Кабар/. Жогорку Кеңешке көмөк көрсөтүү боюнча “Өнүгүү үчүн өнөктөштүк” программасынын колдоосу менен кыргыз парламентинин көзөмөлдөө ишмердүүлүгү боюнча даярдалган эң мыкты материалдар үчүн ЖМКлар арасында сынак жарыяланат. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, сынактын максаты – Жогорку Кеңештин көзөмөлдөө ишмердүүлүгүн чагылдырууга кыргыз ЖМКларын кызыктыруу, ошондой эле аталган темага коомчулуктун көңүлүн буруу.

Сынакка 2017-жылдын 1-декабрынан 2018-жылдын 15-майына чейинки бардык өлкө аймактарындагы ЖМКларга мамлекеттик жана расмий тилде жарыяланган журналисттердин эмгектери (видео, аудио материалдар, аналитикалык макалалар, очерктер, обзорлор, атайын репортаждар жана лонгриддер) кабыл алынат. Жарыяланган материалдардын текстинин көлөмү 5 миң белгиден (боштуктарды кошо), видео же аудио материалдардын узактыгы 10 минуттан ашпоосу керек.

Сынакка кабыл алуунун акыркы мөөнөтү: 2018-жыл, 18-май саат 18:00гө чейин.

Сунушталган эмгектердин саны чектелбейт.

Белгилей кетсек, сынакка илимий-методикалык макалалар, нормативдик-укуктук базага карата түшүндүрмөлөр, илимий автордук изилдөөлөр, методикалык иштер, андан сырткары, коммерциялык шартта чыккан жарнамалык жана маалыматтык материалдар кабыл алынбайт.

Катышуучу сынакка сунушталган эмгектин автору экендигине жана жеке автордук укук бузуу болбой тургандыгына кепилдик берүүсү зарыл.

Сынак төмөндөгүдөй номинацияларда өтөт:

  • “Басылмада жарыяланган эң мыкты материал”
  • “Эң мыкты ТВ-материал”
  • “Эң мыкты радио материал”
  • “Интернет басылмаларда жарыяланган эң мыкты материал”

Сынактын жыйынтыгы 2018-жылдын май айынын соңунда жарыяланат. Жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктар (нетбуктар, смартфондор жана диктофондор) менен сыйланат. Эгерде сунушталган эмгектер сынактын талаптарына жооп бербесе, уюштуруучулар сыйлыктарды ыйгарбоо укугуна ээ.

Калыстар тобуна Жогорку Кеңештин депутаттары, уюштуруучулардын өкүлдөрү жана тажрыйбалуу журналисттер кирет. Эмгектер калыстар тарабынан төмөндөгү ченемдер менен бааланат.

  • Тематикасынын жана мазмунунун шайкеш келүүсү;
  • Материалдын объективдүүлүгү жана калыс чагылдырылгандыгы;
  • Баяндаманын жеткиликтүүлүгү жана бөтөнчөлүүлүгү
  • Коомчулуктун пикири (көрүүлөрдүн саны жана социалдык тармактардагы элдин ою)

Жогоруда саналып өткөн ченемдерге ылайык даярдалган материалдар арасында өтө турган сынакка байланыштуу Жогорку Кеңешке көмөк көрсөтүү боюнча “Өнүгүү үчүн өнөктөштүк” программасынын колдоосу менен ЖМК өкүлдөрү үчүн Ментордук мектеп шартында сериялык окуу тренингдери өтүүдө. Анын катышуучулары парламенттин көзөмөлдөө ишмердүүлүгү жана аны чагылдыруу маселелери боюнча толук маалымат алышууда.

Сынакка кайрылуу тартиби:

Материалдарды жеке журналист да, ЖМКнын редакциясы да сунуштай алат.

  • Гезитте жана журналда жарыяланган материалдардын түп нускасы же сканерден өткөрүлгөн көчүрмөсү кабыл алынат (чыккан номуру жана убактысы белгилүү болуусу зарыл);
  • Телесюжеттер дискке жаздырылып берилет же электрондук дарекке шилтемеси жөнөтүлүшү кажет (телеканалдын жана көрсөтүүнүн аты, эфирге чыккан убактысы жана мезгили так көрсөтүлөт);
  • Радиосюжеттер дискке жаздырылып берилет же электрондук дарекке шилтемеси жөнөтүлүшү кажет (радиостанциянын жана уктуруунун аты, эфирге чыккан убактысы жана мезгили так көрсөтүлөт);
  • Жөнөтүлгөн онлайн-публикациялардын шилтемеси ачык жана аны окууда авторизация же атайын жазылууну талап кылбаган жагдайда болуусу зарыл.

Сынакка сунушталган материалдарга ЖМК тууралуу маалымат жана автордун аты-жөнү (эгер лакап ысымы болсо, ал дагы берилет), иштеген жери/тармагы, кызматы, байланыш телефондору кошо тиркелет. Кайрылуу тартиби эркин түрдө.

Келген материалдар рецензияланбайт жана кайра кайтарылбайт.

Сынакка сунушталган эмгектер “Жогорку Кеңештин сынагына” деген белги мененjkmediacontest@gmail.com электрондук почтага же Бишкек шаары, Чүй көчөсү №205 дарегине жөнөтүлүүсү кажет (парламент имаратынын батыш көзөмөл өткөрмө пунктундагы почта кутусу)

Сурап-билүү үчүн: Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы 0312 63-92-00

Эльвира Козубекова

Пикир

Оставить комментарий