• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ЖКнын кийинки кезексиз жыйынын өткөрүү боюнча консультациялар өткөрүлүүдө

Саясат 0

Бишкек, 07.10.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин кийинки кезексиз жыйынын өткөрүү боюнча фракция лидерлери менен консультациялар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу фейсбуктагы баракчасында билдирди.

Анын билдирүүсүнө караганда, Жогорку Кеңештин төрагасы Мыктыбек Абдылдаев бүгүн Жогорку Кеңештин имаратын кыдырып чыкты.

"Азырынча, ал жерде залдар жыйын өткөрүүгө жараксыз. Жогорку Кеңештин аппараты жана иш башкармалыгынын кызматкерлери өз ишин кайрадан калыбына келтирүү аракетин баштады", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий