• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ЖКнын мурдагы бөлүм башчысы Закиров 6 жылга эркинен ажыратылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.12.18. /Кабар/. Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин мурунку бөлүм башчысы Арсен Закиров 6 жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди Бишкек шаардык соту чыгарды.

Биринчи инстанциядагы сот Закировду күнөөлүү деп таап, аны шарттуу түрдө эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.

Закиров соттун бул чечимине нааразы болуп, арыз жөнөткөн. Ал эми алты жылга эркинен ажыратылды.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын күз мезгилинде Арсен Закиров Ч.Айтматов атындагы сыйлыкты ыйгаруу үчүн бөлүнгөн 30 миң долларды КМШ ассамблеясынын парламент аралык кеңешмесинин эсебине которуу тууралуу иш кагаздарды жасап, каражаттарды которгон эмес. Ассамблея ЖКнын иш башкармалыгынын кайрылуусуна эч кандай каражат которулган жок деп билдирген.

Пикир

Оставить комментарий