• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ЖКнын мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков сотто акталды

Коом 0

Бишкек, 26.09.22. /Кабар/. Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков акталды. Мындай чечим үстүбүздөгү жылдын 18-августунда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кабыл алынган.

Белгиленгендей, “Кылмышка шериктеш болуу”, “Коррупция”, “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча айыпталган Келдибеков күнөөсүз деп табылып, кылмыштардын курамынын жоктугунан акталды.

Эскерте кетсек, КР Жогорку сотунун 2021-жылы 18-августтагы токтому менен Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун 2015-жылы 12-ноябрдагы жана Бишкек шаардык сотунун 2016-жылы 11-марттагы өкүмдөрү, андан тышкары КР Жогорку сотунун 2016-жылы 13-октябрдагы Ахматбек Келдибековго карата токтому жокко чыгарылган.

Кылмыш иши Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий