• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЖКнын мурдагы төрагасы: Кыргызстан менен Түркия маданий, тил жана диний жалпылыкка ээ

Коом 0

Бишкек, 25.03.21. /Кабар/. Кыргызстан жана Түркия боордош эл – биздин маданиятыбыз, тилибиз, динибиз бир. Өлкөлөр ортосундагы мамиле көп жылдык тарыхка ээ – анда достук жана элдердин өз ара жардамдашуусу – биринчи орунда турат. Мындай оюн Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, профессор Зайнидин Курманов “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Түркия көз карандысыздыкты алуу учурунда Кыргызстандын эгемендигин биринчилерден болуп тааныган өлкө.

“Тарыхый мезгилде эле Кыргызстан менен Түркия ортосундагы боордоштук мамиле түзүлүп келген. Биздин элдер дайыма руханий жактан жакын болуп, аскердик жаатта да бири-бирине колдоо көрсөтүп келишкен. Кийинки тарыхта деле экономикалык жана маданий өнүгүүгө басым жасоо менен стратегиялык мамиле түзүп келебиз”, - деди ал.

Ал сөзүн улай Түркиянын экономикасы дүйнөдөгү ири экономикалардын бири болуп саналат жана жаңыдан өнүгүү жолуна түшүп келе жаткан Кыргызстан үчүн инвестиция, андан тышкары, Түркия менен бирдиктүү экономикалык долбоорлор пайда гана алып келет деп белгиледи.

“Түрк тарап сүйлөшүүгө, инвестицияга жана экономикалык колдоо көрсөтүүгө дайым даяр. Өз кезегинде чыныгы сунуштар келип жатканда биз тараптан көп нерсе кагаз жүзүндө жана кадимки айтылган идеялардын деңгээлинде калып кетет. Ушуга байланыштуу биз берилген милдеттерди жана идеяларды жүзөгө ашыруунун жаңы сапаттуу деңгээлине өтүүнү үйрөнүшүбүз керек. Ошондой эле маанилүү учур – Түркия Кыргызстандан географиялык жактан алыс жайгашканына карабай өлкөлөр ортосундагы товар айландыруу динамикалуу өнүгүп жатат. Ушуга байланыштуу жакынкы келечекте өлкөлөр ортосунда темир жол байланышын уюштуруунун мааниси чоң”, - деди Зайнидин Курманов.

Профессордун айтымында, экономикалык өнөктөштүктөн тышкары Кыргызстан жана Түркия маданий-гуманитардык чөйрөдө тыкыз кызматташып келет.

“Биздин көптөгөн студенттер Түркияда билим алышат. Ошондой эле Түркиянын окуу мекемелери Кыргызстандын аймагында көрсөтүлгөн. Бул мамилелерди өнүктүрүп, кеңейтишибиз керек деп эсептейм”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий