• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

ЖКнын тармактык комитети биринчи вице-премьер Абдыгуловду кайрадан дайындоо маселесин карайт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.11.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети бүгүн биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгуловду кайрадан дайындоо маселесин карап чыгат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Абдыгулов өзү билдирди.

Аны вице-премьер-министр кызматына көрсөтүп жатышат. Мурда бул кызматта Дүйшөнбек Зилалиев отурган.

Белгилей кетсек, бир катар ЖМКда маалымдалгандай, биринчи вице-премьер-министр кызматына “Бир бол” фракциясынан депутат Аскарбек Шадиевдин талапкерлиги сунушталды.

Эске сала кетсек, биринчи вице-премьер Абдыгулов 2017-жылдын 26-августунда дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий