• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЖКнын тармактык комитети парламенттин депутаттарын шайлоону өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун карады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.07.21. /Кабар/. Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана ЖКнын регламенти боюнча комитети «КРнын Жогорку Кеңешинин жана КРнын президентин шайлоо жөнүндө» КРнын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун карады. Бул тууралуу КР парламентинин басма сөз кызматы билдирет.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси – КР президенти Садыр Жапаров. Конституциялык мыйзам долбоору КР президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамды 2021-жылы 11-апрелдеги референдум менен кабыл алынган КРнын Конституциясына ылайык келтирүүгө багытталган. Аралаш система боюнча (парралель) 90 депутатты тандоо үчүн жаңы шайлоо системасын киргизүү сунушталууда:

- 35 депутат бир мандаттуу округдарда мажоритардык система менен шайланат;

- 55 депутат бир мандаттуу округдарда пропорционалдык (партиялык тизме) менен шайланат.

Мыйзам долбоору бүгүн, 14-июлда парламенттин жыйынында каралат.

Пикир

Оставить комментарий