• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

ЖКнын туруктуу делегациясы Берлинде өткөн ЕККУ ПАнын 27-сессиясына катышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.07.18. /Кабар/. Парламенттик көпчүлүк коалициясынын башчысы Иса Өмүркулов баштаган Жогорку Кеӊештин делегациясы 7-11-июль аралыгында Берлин шаарында өткөн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун Парламенттик ассамблеясынын (ЕККУ ПА) ар жылдык 27-сессиясынын ишине катышты. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, делегациянын курамында «Өнүгүү – Прогресс» фракциясынын башчысы Бакыт Төрөбаев, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Каныбек Иманалиев, КР ЖК Аппарат башчысынын орун басары Тажимамат Шаболотов жана Аппараттын жооптуу кызматкерлери бар. ЕККУ ПАнын кезектеги сессиясынын темасы «ЕККУ алкагындагы милдеттенмелердин аткарылышы: парламенттердин ролу» болду.

Сессия алкагында ЕККУ ПАнын Туруктуу комитетинин, үч жалпы комитеттин: Саясий маселелер жана коопсуздук боюнча комитеттин, Экономикалык маселелер, илим, технология жана айлана-чөйрө боюнча комитеттин, Демократия маселелери, адам укуктары жана гуманитардык маселелер боюнча комитеттин отурумдары, ошондой эле ЕККУ ПАнын пленардык жыйыны өттү.

Туруктуу комитеттин отурумунун жүрүшүндө үч жалпы комитеттин курамы бекитилип, 2018-2019-каржылык жылдарга Парламенттик ассамблеянын бюджети кабыл алынды. Андан тышкары, ЕККУ ПАнын төрагасы Г.Церетелинин, ЕККУ ПАнын башкы катчысы Р.Монтелланын, атайын комитеттердин жетекчилеринин, атайын өкүлдөрдүн баяндамалары угулду. Ошондой эле, Азербайжан менен Россияда өткөн президенттик шайлоолорго жүргүзүлгөн байкоонун жыйынтыктары жөнүндө, 2018-2019-жылдары Кыргызстанда, Люксембургда, Мароккодо өтө турган кезектеги сессияларга карата даярдык тууралуу учкай маалымат берилди.

ЕККУ ПАнын 2018-жылдын күз мезгилинде Кыргызстанда өтө турган кезектеги сессиясына карата даярдык маселеси талкууга алынганда, Иса Өмүркулов күзгү сессияга даярдык иш-чаранын бекитилген планына ылайык жүргүзүлүп жатканын, Жогорку Кеӊештин Аппараты башка мамлекеттик органдар менен бирге бул иш-чаранын жогорку деӊгээлде өтүшү үчүн баардык уюштуруу маселелерин чечүү жаатында жумуштарды жасап жатканын белгиледи. Ошону менен бирге, делегация башчысы сунушталган «Борбордук Азиядагы, ошондой эле ЕККУнун баардык чөлкөмүндөгү коопсуздук чөйрөсүндө кызматташуу» темасы өтө маанилүү болуп саналарын, ошондон улам ал бул багыттагы кызматташтык мамилелердин жаӊы барагын ача турганын кошумчалады.

Жайкы сессиянын жүрүшүндө Жогорку Кеӊештин делегация башчысы Иса Өмүркулов ЕККУ ПАнын төрагасы Г.Церетели менен жолугушуп, Кыргызстанда өтө турган күзгү сессияга карата даярдык жаатында пикир алышты. Жыйынтыгында алар бул иш-чара өлкөдө парламенттик институттун бекемделишине өз салымын кошот, ошондой эле ЕККУга мүчө-мамлекеттердин өкүлдөрүнүн Кыргызстан менен жакындан таанышуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт деген ишенимге келишти.

Андан тышкары, ЕККУ ПАнын төрагалыгына кайрадан Г.Церетели, анын төрт орун басары, үч жалпы комитеттин жетекчилери шайланды.

Белгилей кетчү нерсе, Жогорку Кеӊештин делегациясы ЕККУ ПАнын жайкы сессиясынын алкагында Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин көмөгү менен Бундестагдын тарыхый имаратында катышуучуларга Кыргызстандын туристтик жана инвестициялык жактан кызыктуулугу боюнча көргөзмөнүн бетачар аземин ийгиликтүү тартуулай алды.

Пикир

Оставить комментарий