• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЖКнын жаӊы депутаты Абдыбек Дүйшалиев парламентте ант берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.01.18 /Кабар/. Жогорку Кеӊеште «Республика – Ата-Журт» саясий партиясынын тизмеси боюнча депутат болгон Дүйшалиев Абдыбек Кашымбекович ант берип, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. Ал өз кааласу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон Өмүрбек Бабановдун ордуна келди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Абдыбек Дюшалиевди депутат болуп келиши менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады.

Абдыбек Дүйшалиев 1962-жылы туулган. Улуту – кыргыз. Жогорку билимдүү. Буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Транспорттук унаа каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо департаменти сындуу жооптуу кызматтарда иштеп келген.

Эске салсак, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутатынын статусу жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, Жогорку Кеӊештин депутаты парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Пикир

Оставить комментарий