• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЖКнын жаӊы депутаты Закир Шарапов парламентте салтанаттуу ант берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 06.12.17 /Кабар/. Жогорку Кеӊеште «Республика – Ата-Журт» саясий партиясынын тизмеси боюнча депутат болгон Шарапов Закир Эшматовичтин ант берип, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ал жакында дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган Улан Чолпонбаевдин ордуна келди.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Закир Шараповду салтанаттуу ант бериши менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады.

Эске салсак, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутатынын статусу жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, Жогорку Кеӊештин депутаты парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Пикир

Оставить комментарий