• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ЖМА жана ЖӨБ жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун алгачкы отуруму өтүүдө

Президент 0

Бишкек, 23.01.18 /Кабар/. Бүгүн, 2018-жылдын 23-январында Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын жүзөгө ашыруунун алкагында түзүлгөн жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун алгачкы отуруму өтүүдө. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жумушчу топтун алгачкы отуруму Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында өтүп жатат.

Жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Президентинин “Аймактарды башкарууда жергиликтүү бийлик органдарынын ролун жана жоопкерчилигин күчөтүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү иштеп чыгуу боюнча чаралар жөнүндө” буйругу менен түзүлгөн. Анын курамына мамлекеттик органдардын, өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, ошондой эле жарандык коом өкүлдөрү киришти.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун курамы тиркелет.

Пикир

Оставить комментарий