• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

ЖМК: Белгилүү россиялык куудул Михаил Задорнов каза болду

Дүйнө 0


Бишкек, 10.11.17 /Кабар/. Жазуучу жана кудуу Михаил Задорнов 70 жаш курагында каза болду, - деп маалымдайт Известия.

Маалыматка ылайык, Михаил Задорнов онкологиялык оорудан жабыркаган. 2016-жылдын аягында ал операция болгон.

Задорнов 1948-жылы Латвиянын Юрмаласында туулган, өз чыгармачыл жолунда лирика жана сатира жанрында аңгеме, очерк жазып, 10дон ашык китеп чыгарган.

Михаил Задорнов Россияда абдан белгилүү болгон, анын концерттери ар дайым аншлаг менен өтчү.

Пикир

Оставить комментарий