• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

ЖМК: Британиядагы жүк ташуучу унаадан сөөгү табылгандар кытайлыктар болгон

Дүйнө 0

Бишкек, 24.10.19. /Кабар/. Улуу Британиядагы жүк ташуучу унаада табылган 39 адам өлүгүнүн өздүгү такталганын РИА Новости ITV телеканалына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

ITV телеканалынын билдирүүсүндө, унаадан сөөгү табылгандар кытайлыктар болгон

Күн мурун полиция кызматы Грейс шаарындагы өнөр жай жерине чалуу боюнча барышкан. Ал жердеги жүк ташуучу унаанын ичинен 38 чоң адамдын жана бир өспүрүм баланын сөөгүн табышкан.

Эссекс аймагынын полициясынын маалыматында, жүк ташуучу унаа Англияга Болгариядан Холихэд порту аркылуу келген. Аталган порт Ирландия менен чектешет.

Кийин 25 жаштагы унаанын айдоочусу өлүмгө шектүү катары кармалган.

Пикир

Оставить комментарий