• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

ЖМК: Быйыл Индияда коронавирустан 798 дарыгер көз жумду

Дүйнө 0

Бишкек, 30.06.21. /Кабар/. 2021-жылдын биринчи жарымында эле Индияда коронавирустан 798 дарыгер көз жумду. Бул тууралуу Индия медицина ассоциациясына таянып Times of India гезити жазып чыкты.

Вирусту жуктуруудан эң чоң жоготууларга быйыл борбор шаар Дели шаарында катталды. Анда коронавирусту жуктурган 128 дарыгер көз жумган.

Чыгыштагы Бихар штатында каза болгон дарыгерлердин саны 115, түндүк Уттар-Прадеш штатында 79 болду.

Белгилей кетсек, 2020-жылы аталган илдеттен 748 медик жан берген.

Өткөн суткада Индияда коронавирустук инфекциянын 45 951 жаңы учуру катталды. Өлкөдө жуктуруп алгандардын жалпы саны 30 362 848 адамга жетти. Каза болгондордун жалпы саны 398 454тү түздү.

Пикир

Оставить комментарий