• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ЖМК: Индиядагы жаандан улам пайда болгон топон суудан кеминде 73 адам каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 04.10.19. /Кабар/. Индиянын түндүк-чыгышындагы Бихар штатында 27-сентябрда нөшөрлөгөн жаандан улам пайда болгон топон суудан кеминде 73 адам каза болду. Бул тууралуу NDTV телеканалы билдирет.

Буга чейин 27 адам аталган штатта каза болгону айтылган.

Табигый кырсыкты көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын маалыматына ылайык, каза болгондордун жарымы сууга чөксө, калгандарын дубал, бактар басып калган. Ошондой эле, кырсыктан сууга электр зымдары түшүп, жергиликтүү тургундардын өлүмүнө алып келген.

Жергиликтүү бийлик көз жумгандардын көпчүлүк бөлүгү Бхагалпур шаарында болгонун байкашкан. Бир катар райондордо жума бою банк кызматы, дүкөндөр жана жеке ооруканалар иштеген эмес.

Учурда көпчүлүк калктуу конуштарда топон суунун көлөмү азаюуда.

Пикир

Оставить комментарий