• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЖМК өкүлдөрү шайлоо мыйзамдары боюнча өз билимдерин текшерди

Коом 0

Бишкек, 13.08.21. /Кабар/. ЖМК жана блоггерлер коомчулугунун өкүлдөрү шайлоо системасына жана шайлоо процессине арналган «Quiz Night» интеллектуалдык оюнуна катышты. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, оюн "Electoral Rights Fest" жумалыгынын алкагында Кыргызстандагы Шайлоо системасынын эл аралык фондунун өкүлчүлүгү (IFES) тарабынан эл аралык өнүктүрүү боюнча АКШ Агенттигинин (USAID) колдоосунда Шайлоолор жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссия менен биргеликте уюштурулду.

Иш-чара Кыргызстандагы шайлоо системасы жана шайлоо мыйзамдары, шайлоолордун жана саясий коррупцияга каршылык көрсөтүүдө дүйнөлүк тренддердин тарыхы тууралуу түшүнүктөрдү кеӊейтүүгө багытталган.

Журналисттерден, блоггерлерден жана жарандык активисттерден түзүлгөн 10 команда өздөрүнүн шайлоо, шайлоо укуктарын ишке ашыруу, шайлоодогу гендерлик өкүлчүлүк тууралуу билимдери менен ат салышты. Жаштардын шайлоого жана чечимдерди кабыл алуу процессине катышуудагы ролуна, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын өкүлчүлүгүнө, квоталоого тиешелүү суроолор өзүнчө бир блокту түздү.

Катышуучулар алдыда боло турган парламенттик шайлоолор менен байланышкан жаӊы шайлоо циклинин алдында аталган иш-чаранын актуалдуулугун белгилеп кетишти. Көз карандысыз журналисттер союзунун төрагасынын орун басары Семетей Аманбеков шайлоо процесси боюнча түшүнүктү жогорулатууда мындай иш-чаралардын ролун баса белгилеп кетти. “Жакында эле парламент “КР президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо тууралуу” жаӊы конституциялык мыйзамын кабыл алды. Андыктан, мындай оюндар аркылуу мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр, анын өзгөчөлүктөрү тууралуу жаӊы билимдер бекемделмекчи. Ошондой эле ар бир катышуучу коӊшу өлкөлөрдүн жана бүт дүйнөнүн шайлоо мыйзамдары жаатындагы өз билимдерин кеӊейте алды. Мен өзүм үчүн көптөгөн кызыктуу билимдерди алдым, бул келечекте биздин шайлоо системасын жакшыртууга өз салымын кошот деп эсептейбиз”, - деди ал.

Оюндун алкагында шайлоо процесси аркылуу жарандык коомду бекемдөөдөгү, болочок лидерлердин мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтүүдө IFES жана USAIDдин ролу баса белгиленди.

“Биз бул сыяктуу интеллектуалдык оюнга катышкандардын ичинен эӊ байыркы топ болуп эсептелебиз. Ар бир жолу темасы алмашып, мындагы суроолор күндөлүк көйгөйлөрдү чагылдырат. Күзүндө биз шайлоого барабыз. Бул эмне, шайлоого жаштар, аялдар, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар кантип катышат – мунун баары абдан кызыктуу. Өзгөчө, бул биз башка мамлекеттердин билимдерин жана тажрыйбаларын үйрөнгөнүбүз менен кызыктуу, анткени аталган оюн алда эбак Кыргызстандан тышкары чыгып кеткен. Биз өлкөбүздөгү, ошондой эле дүйнө жүзүндөгү шайлоо тажрыйбасын изилдей алабыз” – дейт республикалык медиа коммуникациялар окуу борборунун директору Аделя Лаишева.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлануучу депутаттардын чыгып кетүүсү тууралуу берген суроосу медиа коомчулуктун өкүлдөрүнүн кызуу талашын туудурду.

“Оюн кызыктуу болуп, мындагы суроолор бүгүнкү күндө Кыргызстанда жайылтылып жаткан аралаш шайлоо системасы тууралуу түшүнүктөрдү бере алды, ошондой эле аялдар жана МЧА (ЛОВЗ) үчүн квоталоо тууралуу да билишти. Швейцариядагы, Ливандагы жана башка өлкөлөрдөгү шайлоо процесси, ал жакта жаштардын шайлоо укуктары кандайча ишке ашырыла тургандыгы тууралуу да биле алышты”, - деп “Politmer.kg” маалыматтык сайтынын редактору Наргиза Нанакеева түшүндүрдү.

Пикир

Оставить комментарий