• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЖМК: Рамзан Кадыров коронавируска шектелип ооруканага жаткырылды

Дүйнө 0

Бишкек, 22.05.20. /Кабар/. Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров коронавируска шектелип ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу "База" жана «Интерфакс» агенттиктери өз булактарына таянып кабарлашты.

Азырынча бул маалыматты расмий органдар ырастай элек.

«Интерфакс» Рамзан Кадыров учак менен Москвадагы ооруканалардын бирине жеткирилгенин жазды. «Кадыров коронавируска шектелип жатат, азыр ал медиктердин көзөмөлүндө», — деп билдирген агенттиктин булагы.

«Базанын» маалыматына караганда, Кадыровдун өпкөсү сезгенген. Алгач ал ооруп жатканын билдиргенде суук тийген болушу мүмкүндүгү айтылган. Бирок акыркы күндөрү абалы кескин начарлап кеткен.

Россиянын башка аймактарына салыштырмалуу Чеченстандагы карантиндик чаралар кыйла катаал. Республикада коменданттык саат киргизилип, коомдук транспорттор токтогон. Мындан тышкары Россиянын башка облустарынан адамдардын кирүүсүнө тыюу салынган.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын маалыматы боюнча Чеченстанда 1 миңден ашык кишинин коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Пикир

Оставить комментарий