• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЖМК: "Реал" Килиан Мбаппе үчүн 300 миллион евро төлөөгө даяр

Спорт 0

Бишкек, 04.02.20. /Кабар/. Мадриддик "Реал" клубу "ПСЖга" чабуулчу Килиан Мбаппе үчүн болжол менен 300 миллион евро төлөөгө даяр. Бул тууралуу Mundo Deportivo басылмасы жазат.

Ишемби күнү "ПСЖ" менен "Монпелье" командаларынын ортосундагы оюнда Мбаппе машыктыруучу тарабынан башка оюнчуга алмаштырылганына нааразычылыгын көрсөткөн. Алмашуудан кийин "ПСЖнын" машыктыруучусу Томас Тухель Мбаппе менен сүйлөшүүгө аракет кылган, бирок футболчу каршылыгын көрсөткөн.

Бул көрүнүш "Реал" клубу үчүн оюнчуну өзүнүн командасына кошуу үчүн дагы бир себеп болгон. Испаниялык клуб франциялык оюнчу үчүн болжол менен 300 миллион доллар берүүгө даяр экендигин билдирген.

Мбаппенин "ПСЖ" менен болгон келишими 2022-жылга чейин түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий