• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

ЖМК: Түркияда кайнатасы кыргызстандык келинди жиликтеп салган

Кырсык 0

Бишкек, 13.10.21. /Кабар/. Түркиянын Черкезкёй шаарында 65 жаштагы эркек киши (Түркиянын жараны) 31 жаштагы кыргызстандыкты жиликтеп салганын түркиялык ЖМКлар жазып чыкты.

Маалыматта эркек адам кыргызстандыктын кайнатасы болгону айтылат.

“Жиликтенген сөөктүн бөлүктөрү унаанын багажынан, таштанды таштоочу челектен жана үйдүн жуунучу бөлмөсүндө каптардан табылган. Кырсыктын алдында кайнатасы менен келиндин ортосунда чыр чыккан”, - деп айтылат маалыматта.

Келиндин сөөгү мамлекеттик оорукананын өлүкканасына жеткирилген.

Полиция кызматы окуяга шектүүнү кармаган. Ал кылган кылмышын моюнга алган.

Пикир

Оставить комментарий