• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЖМКдагы «Кыргыз темир жолу» МИ сатуу ыктымалдыгы жөнүндө маалымат чындыкка дал келбейт

Өкмөт 0

Бишкек, 26.09.20. /Кабар/. Айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы” Мамлекеттик ишканасын россиялык тарапка сатуу жөнүндө чындыкка дал келбеген маалымат таркатылууда.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты аталган маалымат чындыкка жатпастыгын, ойлонулуп табылгандыгын жана эч кандай негизге ээ эмес экендигин белгилейт.

Биринчиден, «Кыргыз темир жолу» УК» МИ акционерлештирүү маселеси каралган эмес жана каралбайт дагы.

Экинчиден, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу «Кыргыз темир жолу» УК» МИ 2020-жылга жана орто мөөнөттүү аралыкта өнүктүрүүнүн стратегиялык планы”, “Кыргыз Республикасында темир жол транспортун 2025-жылга чейин өнүктүрүү концепциясы” иштелип чыккан, анда ички жана эл аралык жаңы темир жолдорун куруу каралган, бул өлкөбүздүн экономикалык абалына жана өнүгүүсүнө олуттуу таасирин берет.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо алдында айрым күчтөргө фейк маалыматтарды таркатуу аркылуу коомулуктун тынчын алуу пайдалуу болууда.

Акыркы мезгилде «Кыргыз темир жолу» УК» МИ жүз миллиондогон сомдук каражаттарды уурдоолор боюнча коррупциялык схемалар ачылып, аталган ишкананын мурдагы жетекчилери кармалган.

Ишкананы сатуу тууралуу жаңылык калп жана чындыкка дал келбейт. Мындай маалыматтарды таркатуу айрым саясий күчтөргө пайда алып келиши мүмкүн.

«Кыргыз темир жолу» УК» МИ аталган маалыматка юридикалык баа берүү максатында сотко берүү үчүн документтерди даярдоодо.

Пикир

Оставить комментарий