• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЖМКлар КЭДРдеги ийгиликсиз ракета учуруу тууралуу маалымдады

Дүйнө 0

Бишкек, 22-март /Кабар/. Түндүк Корея Вонсан шаарынын аймагындагы чыгыш жээктен ракета учурду. Бул тууралуу Киодо агенттиги мамлекеттик булактарга таянып билдирет.

Ракетанын түрү белгисиз. Болжол менен учуруу ийгиликсиз болгон.

Марттын башында КЭДР 4 ракета учуруп, алардын бири Акита (Хонсю негизги япон аралынан түндүк-батышта) префектурасынан 200 чакырым аралыкка түшкөн. Калган үчөө бул префектурадан 300-500 чакырым аралыктарга түшкөндүгү айтылат. Ракеталар 80 чакырымга жакын бирдей аралыкта түшкөндүгү, бир учурда бир жерден бир нече обьекттерге сокку уруу мүмкүндүгү бар экендигинен кабар берет.

Япониянын премьери Синдзо Абэ бул учурууларды Япония үчүн “коркунучтун жаңы деңгээли” деп атады. Андан соң КЭДР бул учуруулар Япониядагы америкалык базага сокку урууга адистешкен бөлүмдүн окууларынын бөлүгү катары экендигин айтты. Мындай бөлүмдүн бар экендиги Японияны таң калтырды. Япония бул өлкөгө каршы жаңы санкцияларын киргизүү мүмкүндүгүн четке какпайт.

Жекшембиде КЭДР жаңы кубаттуу ракета кыймылдаткычын жерде ийгиликтүү сыноолор тууралуу жарыялады.

Булагы РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий