• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ЖМКларды юридикалык каттоо жол-жоболорун ыкчамдатуу демилгеси сунушталууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 11.04.18 /Кабар/. Жогорку Кеӊеште жалпыга маалымдоо каражаттарын мамлекеттик каттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүүгө багытталган “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, жалпыга маалымдоо каражаттарын мамлекеттик каттоо мөөнөтүн азыркы 1 айлык мөөнөттөн 10 күнгө чейин кыскартуу сунушталууда. Аларды каттоодон өткөрүү үчүн талап кылынган документтердин саны да кыйла кыскартылмакчы.

Андан тышкары, жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо критерийлери Өкмөт тарабынан аныкталат. Эгерде мамлекеттик органдар аны каттоодон баш тартса, ал маселе сот аркылуу чечилүүгө тийиш.

Эске салсак, буга чейин депутат Рыскелди Момбеков жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо критерийлеринин Өкмөт тарабынан аныкталышын аларды көзөмөлгө алуу аракети катары баалаган.

Пикир

Оставить комментарий