• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЖМКларга расмий каттын мазмуну бузулуп интерпретацияланып берилген – Башкы прокуратура

Коом 0

Бишкек, 1 -февраль /Кабар/. Адилет” укуктук клиникасы коомдук фондунун сайтында 2017-жылдын 14-февралында “КР Башкы прокуратурасы КР Президентине карата негативдүү материалдарды жайгаштырууну сыпайылык жана жөндүү деп тааныды” деген темада макала жарыяланган. Ушул шилтемеге таянып, "Zanoza.kg" сайтында мазмуну жагынан окшош “Башкы прокуратура Президент Атамбаевди соцтармактарда сындоого уруксат берди” деген материал жарыяланган.

КР Башкы прокуратурасы өзүнүн сайтында ал эки материалда тең көзөмөл органынын расмий жообунун мазмуну атайылап бузулуп интерпретациялаганын белгилеген.

2017-жылдын январында КР Башкы прокуратурасына Адилет” укуктук клиникасы коомдук фондунан эки кат түшкөн, аларга Башкы прокуратура тарабынан жооп берилген. Анда Н.Кожомбердиева аттуу жарандын кайрылуусуна КР УКМКсы өз ыйгарым укугунун алкагында аймактар аралык чагымды тутантуу фактысына текшерүү жүргүзгөн. Мында Башкы прокуратуранын жообунда Кыргыз Республикасынын Президентине карата негативдүү материалдарды жарыялоо жаатында кандайдыр бир түшүндүрмө берилген эмес. Буга бул материалдардын шилтемелеринде көрсөтүлгөн Башкы прокуратуранын жооп катынын мазмуну менен таанышып да ишенүүгө болот.

Ошентип, жогоруда аталган материалдарда расмий каттын мазмунуна жана логикасына ылайык келбеген темаларды атайылап жазып, бузуп интерпретациялаганы айкын болуп турат.

Пикир

Оставить комментарий