• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жоголгон документтерди эми “Табылгалар бюросунан” табууга болот

Коом 0

Бишкек, 13.07.18. /Кабар/. Жоголуп кеткен паспорт, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктүн документтерин таап алган жарандар эми аларды КР Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) бардык аймактык бөлүмдөрүнө жана “Кыргызпочтасы” МИнын кеңселерине тапшыра алышат.

Көрсөтүлүп жаткан мамлекеттик кызматтын сапатын жакшыртуу жана жарандардын ыңгайлуулугу үчүн МКК “Табылгалар бюросу” автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке киргизди.

Жарандар жоголуп кеткен документтерди таап алып тапшырган кезде алар “Табылгалар бюросу” системасына киргизилет. Ал эми табылган документтер тууралуу маалыматты жарандар МККнын сайтына кирип, “Табылгалар бюросу” рубрикасынан биле алышат.

Ал үчүн жарандар ПИН деген жерге өзүнүн 14 сандан турган идентификациялык номерин териши керек болот.

Учурда “Табылгалар бюросунун” базасына табылган 1264 документ киргизилген, 526 документ өз ээлерине кайтарылган.

Пикир

Оставить комментарий