• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жоголгон же жараксыз документтерди башка өлкөдө колдонуунун кесепеттери кандай болот?

Коом 0

Бишкек, 03.05.21. /Кабар/. ИИМдин Интерпол улуттук борбордук бюросу жоголгон же жараксыз документтерди башка өлкөдө пайдалануунун кесепеттери жөнүндө эскертет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

КР ИИМдин Интерпол улуттук борбордук бюросу маалымдайт, Интерпол эл аралык кылмыш полициясынын уюмуна мүчө мамлекеттер билдиргендей, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча чаралардын бири жараксыз документтерди жана чет өлкөгө чыгуучу паспортторду пайдалануу болуп эсептелет, алар чек арачылар менен полиция кызматтарынын көзөмөлдө болот.

Ушуга байланыштуу, Ички иштер министрлиги КР жарандарын төмөнкү кеңештерге көңүл бурууга чакырат:

- Мурда жоголгон чет өлкөгө чыгуучу паспортторду жана ID-карталарды пайдалануу акылсыздык жана туура эмес;

- Эгерде мурда чет өлкөгө чыгуучу паспортторду паспортуңарды же ID-картаңардын жоголгондугу жөнүндө арыз жазып, кийинчерээк тапкан болсоңор чет мамлекетке чыгуулар үчүн аларды пайдаланбагыла;

- Жоголгон же уурдалган паспорттор жана ID-карталар тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынан алынган маалыматтар Интерпол эл аралык кылмыш полициясынын уюмуна мүчө мамлекеттердин бардыгына жөнөтүлөт.

- Эгерде чет мамлекетке ушундай документтер менен кирүүгө аракет кыла турган болсо, ага чек арадан өтүүгө жол берилбейт, андан сырткары чек ара кызматы тарабынан жагдайды тактоо үчүн кармалат. Жарандардан паспортун алган учурда анын өздүгүн жана жарандыгын тактай турган документтеринен айрылат. Бардык административдик-укуктук терс кесепеттерге, материалдык жана моралдык ыңгайсыздыктарга туш болгон жарандын жеңил ойлуу жүрүм турумунан келип чыгат.

Пикир

Оставить комментарий