• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрайымына карата каршылык. Президиумдун өкүлдөрүнүн жообу

Коом 0

Бишкек, 31.03.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрайымы Бакыт Тыналиеваны аталган комиссиянын президиумунун мүчөлөрү колдой турганын айтып чыгышты.

Эскерте кетсек, буга чейин ЖМКлардын биринде Бакыт Тыналиевага карата Жогорку аттестациялык комиссиясынын кызматкерлери каршы чыккандыгы тууралуу маалымат тараган.

“Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Жогорку аттестациялык комиссиясынын президиумунун мүчөсү, геолого-минералдык илимдеринин доктору Розалия Женчураева комиссиянын төрайымы Тыналиевага карата жалган маалыматтар берилип жатканын айтат.

undefined

“Комиссияда 13 эксперттер кеңеши иштейт. Ар биринде 7-8дей адам бар. 12 адамдан турган президиум да ишин алып барат. Акыркы 3 жылда төрайым Тыналиеванын башчылыгында диссертациялык жана эксперттердин кеңешинин ачык иштөөсү күчөдү, комиссия электрондук форматка өттү жана сайты түзүлдү. Тыналиеванын жетекчилиги астында жемиштүү иштер аткарылды деп эсептейбиз. Жогорку аттестациялык комиссиясынын иш жамааты төрайымдын ишмердүүлүгүн колдоп, мындан ары биргеликте иштөөгө даяр экендигин билдирет”, - дейт ал.

Ал эми президиумдун дагы бир мүчөсү, физико-математикалык илимдеринин доктору, профессор Болотбек Бийбосуновдун айтымында, Тыналиеванын алдында бир катар өзгөрүүлөр киргизилген.

undefined

“Эми илимдердин доктору даражасын алыш үчүн эл аралык журналга эки макала жарыялаш керек. Мындай талаптар мурун жок эле. Бул илимий жактан алсыз, эптеп жазылган диссертацияга бөгөт коет. Кыргызстанда профессор даражасын алуу оңой эле. Мындан ары профессор болуш үчүн жогоруда айткандай, эл аралык журналга эки макала жарыялашы керек. Аны менен бирге эки илимдердин доктору же кандидатты даярдоого милдеттүү. Мындан сыткары, эгер диссертациялар плагиат деп табылса, анда ал артка кайтарылат жана диссертация даярдаган кандидаттын илимий жетекчиси “кара тизмеге” кирет. Анда илимий жетекчи 3 жыл аспирант жана доктордук даража ала тургандарды жетектей албайт. Эксперт жана илимий долбоорлорго катыша албайт”, - деди Бийбосунов.

Бийбосунов ушундай оң өзгөрүүлөргө карабай каршы чыккан тараптар пайда болгонун айтат.

“Жогорку аттестациялык комиссиясынын аппаратынын кызматкерлери төрайымга каршы чыгышты. Иш жамааттын 3-4 киши эле чыгыптыр. Алар Тыналиевга карата жалган маалыматтарды жаап жатат. Бирок аппараттын көпчүлүк кызматкерлери төрайымга каршы эмес. Биз президиумдун мүчөлөрү төрайымга каршы эместигибизди айтып жатабыз”, - деп белгилеп кетти ал.

Белгилей кетсек, Жогорку аттестациялык комиссиясынын президиумдун мүчөлөрү акысыз негизде чогулуп, илимий иштерди карайт жана 3-4 жылга чейин иштейт.

Пикир

Оставить комментарий