• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйыны 14-апрелде Бишкекте өтөт

ЕАЭБ 0

Бишкек, 5-апрель /Кабар/. Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйыны 14-апрелде Бишкекте (Кыргыз Республикасы) өтөт. Мындай чечим Евразия экономикалык комиссиянын кеңешинде кабыл алынды.

Жыйынды ачып жатып, ЕЭК коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян Санкт-Петербургдагы террористтик актыга байланыштуу көңүл айтты. “Бул эч кандай актанууга жатпаган адамзатка каршы кылмыштуулук. Коллегиянын жана ЕЭКтин бардык кызматкерлеринин, өзүмдүн атымдан бардык жабыркагандардын тез арада сакайып кетишине тилектеш экенибизди билдирем. Каза болгондордун жакындарынын кайгысын тең бөлүшөбүз. Бул трагедияны жеңүүлөрү үчүн аларга кайраттуулук тилейм”,-деди Т.Саркисян.

Евразия экономикалык биримдигине мүчө-өлкөлөрдүн вице-премьер-министрлери бажы кызматташтыгы жана соода саясатына байланыштуу маселелерди талкуулашты. Үчүнчү өлкө менен эл ралык экономикалык кызматташтык тематикасына өзгөчө көңүл бурулду. “Евразия экономикалык биримдигинин 2015-2016-жылдарга эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу тууралуу” докладдын долбоору жактырылды, ал ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Президенттерине көрсөтүлөт.

Ошондой эле, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн вице-премьерлери ЖЕЭКтин 2017-2018-жылдарга биримдиктин өлкөлөрүнүн макроэкономикалык саясатынын негизги багыттары жана Евразия экономикалык комиссиясынын иштеринин регламентине өзгөртүү киргизүү тууралуу чечимдин долбоорун макулдашты.

Регламентке өзгөртүү киргизүү Президенттер тарабынан бекитилсе, ЕЭК кеңеши тарабынан бажы жөнгө салуу чөйрөсүндө чечимдерди кабыл алуу үчүн бир катар жаңы ыйгарым укуктар бөлүштүрүлөт. Муну менен катар ЕЭК коллегиясынын чечимдери консенсус менен кабыл алынган маселелердин тизмеси кеңейтилери күтүлүүдө.

Президенттер тарабынан бекемделенден кийин Регламентке өзгөртүү киргизүү ЕАЭБдин Бажы кодекси менен бир учурда күчүнө кирет.

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин күн тартибине Молдова Республикасынын Презииденти тарабынан жөнөтүлгөн биримдикке байкоочу статусун алуу тууралуу билдирүүсүн кароо тууралуу маселе киргизилди.

Иран Ислам республикасы менен өз ара аракеттер тууралуу маселе каралды, ал жакында Бишкекте өтө турган жыйында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Президенттери тарабынан талкууланат.

ЕЭКтин басма сөз кызматы

Пикир

Оставить комментарий