• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жогорку Кеңеш акыйкатчы кызматына 5 адамдын талапкерлигин карайт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.09.18 /Кабар/. Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети акыйкатчы кызматына шайлоо үчүн талапкерликтерди жактырды.

Акыйкатчы кызматына талапкерлик парламенттик фракциялар тарабынан сунушталган. “Бир бол” фракциясы Рита Карасартованын, Рыскул Бактыбаевдин жана Маматурайим Момуновдун талапкерлигин сунуштаган. КСДП фракциясы Токон Мамытовдун, “Ата Мекен” фракциясы Азиз Канатбектин талапкерлигин сунуштаган.

Жогорку Кеңеш өзүнүн пленардык отурумунда талапкерлерге добуш берүүсү зарыл.

Кубат Оторбаев 26-июнда өзүнүн каалоосу менен акыйкатчы кызматынан отставкага кеткен.

Пикир

Оставить комментарий