• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жогорку Кеңеш Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан алуу боюнча өкмөткө сунуш киргизди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары 28-апрелде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан алуу боюнча өкмөткө сунуш киргизди.

Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрайымы Гүлкан Молдобекованын айтымында, комитеттин чечими менен саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кызмат орду боюнча токтом Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген.

Анын айтымында, мындай чечимдин кабыл алынышы министрдин коронавирусту айыктыруу үчүн “Ысык-Көлдүн тамыры” (аконит) менен дарылоо боюнча билдирүүсү жана Жогорку Кеңештин жыйынына келбеши себеп болгон.

Пикир

Оставить комментарий