• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жогорку Кеңеш Баткен облусуна өзгөчө макам берүүнү биринчи окууда колдоду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.05.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары кечээ, 27-майдагы жыйында Баткен облусуна өзгөчө макам берүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында баяндама жасаган министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев мыйзам долбоору аркылуу Баткен облусунда ыкчам чечимдерди кабыл алуу, ошондой эле социалдык-экономикалык өнүгүүнү жогорулатуу, калктын жашоосун жакшыртуу, ишкерчиликти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, калктын жумуштуулук деңгээлин арттыруу, региондун жана мамлекеттин улуттук коопсуздугуна коркунуч жаратуучу деструктивдүү факторлорго бөгөт коюу үчүн Баткен облусуна өзгөчө макам берүү сунушталып жатканын билдирди.

Тагыраагы:

1. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ыйгарым укуктарын күчөтүү:
- өзгөчө функционалдык-административдик, уюштуруу-тескөө ыйгарым укуктарды өзгөчө макам менен берүү;
- мамлекеттик, муниципалдык органдардын ишин координациялоонун жана укук коргоо органдары, күч түзүмдөрү менен өз ара аракеттенүүнүн тийиштүү ыйгарым укуктарын берүү;

2. Социалдык-экономикалык өнүгүү үчүн жагымдуу шарттары түзүү:
- өнүктүрүү программасына мониторинг, баалоо жана контрол жүргүзө турган Баткен облусунун Координациялык кеңеши түзүлөт;
- жеңилдетилген каржылоо механизмдери каралат;
- облустун өнүктүрүү бюджетин түзүлүшүнүн өзгөчө тартиби;
- жайгашкан жери боюнча чарбалык субъектилеринен түшүүчү бардык салыктарынын көлөмүн көбөйтүү;
- өкмөт тарабынан карала турган өзгөчө салык жана инвестициялык режимдер, ошондой эле товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча мамлекеттик сатып алуулардын өзгөчө режимин ишке ашыруу, Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү боюнча өзгөчө жеңилдетилген режимдер киргизилет;
- облустун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын дотациядан чыгаруу үчүн кошумча шарттарды түзүүгө жана жер-жерлерде муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жогорулатууга мүмкүнчүлүк бере турган коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана жалпы билим берүү уюмдарынын имараттарын жана жайларын, маданият объектилерин күтүүгө чыгымдарды жергиликтүү бюджеттерден 2022-жылдан тартып, республикалык бюджетке которуу;
- социалдык-экономикалык өнүгүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган башка маселелер;

Өкмөттүн чечими менен облустун социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын бекитүү сунушталат.

Пикир

Оставить комментарий