• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жогорку Кеңеш Баткендеги окуяга тынчсыздануу менен тыкыр көз салууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.01.22. /Кабар/. Жогорку Кеңеш Баткенде болуп жаткан окуяларга тынчсыздануу менен тыкыр көз салууда, - деп билдирет парламенттин басма сөз кызматы.

ЖКнын төрагасы Талант Мамытов кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча төмөндөгүлөрдү билдирди:

"Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Баткенде болуп жаткан окуяларга тынчсыздануу менен тыкыр көз салууда.

Чек арада түзүлгөн кырдаалга байланыштуу эл өкүлдөрү жергиликтүү тургундардын коопсуздугун, мамлекеттин стабилдүүлүгүн сактоо үчүн бардык аракеттерди көрөт.

Өлкөнүн аймактык бүтүндүгү, мамлекетибиздин туруктуулугу жана тынчтыгы баардыгынан бийик турат.

Бул оор күндөрү кастыкты козуткан чагымчылдыктан абайлайлы.

Жерибизде тынчтык,элибизде ынтымак болсун".

Пикир

Оставить комментарий