• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жогорку Кеңеш үчүнчү окууда "Ачык асман" мыйзам долбоорун кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 06.12.18 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин депутаттары "Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамдын долбоорун үчүнчү окууда кабыл алышты.

Документке ылайык, «Ачык асман» долбоору сунушталууда. Анын алкагында баардык учактарга, чет элдик авиакомпанияларга Кыргызстандын аба мейкиндиги аркылуу эркин каттоого жол ачылат. Транзиттик жана түз каттамдар аркылуу жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга жол ачылат.

"Ачык асман" долбоору тууралуу маселе көп жылдан бери көтөрүлүп, бирок ишке ашпай келет.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Абдывахап Нурбаев, "Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору 6 айдан бери каралып, парламент комитетинин талдоосунан өтүп, маселени өкмөт дагы колдоп берген.

Мыйзам долбоору кабыл алынса, анын пайдасы 2019-жылдын экинчи жарым жылдыгынан тартып сезиле башташы керек, деди Нурбаев.

Ошондой эле мыйзам өзгөртүүлөрүнө ылайык, авиакаттамдагы жолкире акыларында да арзандатуулар болот. Бул эл үчүн өзгөчө зарыл, - деди Нурбаев. Андан тышкары, ал, - авиапарктагы учактардын орто мууну 27 – 28 жылдан бери колдонулуп келе жаткандыгы опурталдуу экендигин билдирип, башка мамлекеттерде өндүрүштөн чыкканына 7 жылдан ашпаган учактар пайдаланыларын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий