• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жогорку Кеңеш элге жакын болсун! Ак үйдүн тосмосу алынууда - сүрөт

Коом 0

Бишкек, 06.11.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Жогорку Кеңештин имаратын курчап турган темир тосмо алынууда. Тосмону "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери алууда.

Ак үйдүн алдында журналисттердин алдында Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов сүйлөп, ал тосмону алууну президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров демилгелегенин билдирди.

"Аны парламент колдоп берген. Буга чейин эл тарабынан эки толкундоо болду, бирок тосмо жардам бере алган жок. Маселе тосмодо эмес. Жогорку Кеңеш элге жакын болуп, калктын үнүн угуу үчүн темир тосмо алынууда. Ортодо диалог түзүлгөндө гана нааразычылыктар токтойт", – деди ал.

Мамытов темир тосмону алуу боюнча катка кол коюп, мэрияга тапшырма бергендигин кошумчалап кетти.

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев алынган тосмолор кампага коюлуп, алар эмнеге пайдаланылары кийин чечилерин айтты.

"Тосмолор башка мамлекеттик структураларга колдонулганга чейин кампада сакталат. Ак үйдүн имаратынын айланасы мындан ары мэриянын карамагына карайт", - деди ал.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин административдик имаратын курчап турган темир тосмо туңгуч президент Аскар Акаевдин учурунда, 2000-жылдардын башында тургузулган.

Пикир

Оставить комментарий