• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Парламент Баатырованы саламаттык сактоо министри кызматына дайындоого макулдук берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 07.09.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутаттар Гүлнара Баатырованы саламаттык сактоо министри кызматына дайындоого макулдук берилди.

Президенттин парламенттеги өкүлү Алмазбек Абытов депутаттарга Гүлнара Баатырованы тааныштырып, кызмат ордуна макулдук берүүсүн суранды.

Депутаттардын 69у макулдугун берсе, бирөө каршы добуш берди.

Эскерте кетсек, Баатырованын талапкерлигин буга чейин Жогорку Кеңештин эки комитети жактырган.

Пикир

Оставить комментарий