• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жогорку Кеңеш Казакстандагы кырдаалга байланыштуу кезексиз жыйын өткөрөт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 06.01.22. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 6-январда саат 14:00дө кезексиз жыйынга чогулат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынын башчысы Индира Куралбекова билдирди.

Анын айтуусуна караганда, Жогорку Кеңеш коңшу Казакстандагы кырдаал боюнча маселени карайт.

Эске сала кетсек, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.

Казак өкмөтү отставкага кетип, өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин төрагасы алмашып, Нурсултан Назарбаевдин ордуна Касым-Жомарт Токаев келди. Өлкө боюнча өзгөчө абал жарыяланды.

Токаев жардам сурап ЖККУга кайрылды, уюм бейпилдик күчтөрүн Казакстанга жөнөтүү чечимин кабыл алды.

6-январга карата Казакстандын аскер кызматкерлеринин арасында курмандыктар жана талап-тоноолор катталды.

Пикир

Оставить комментарий