• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жогорку Кеңеш Казакстандагы кырдаалга байланыштуу маселени жабык эшик артында карайт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 06.01.22. /Кабар/. Бүгүнкү Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны жабык эшик артында өтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз катчысы Индира Куралбекова билдирди.

Анын айтуусуна караганда, кошумча маалымат парламенттин басма сөз кызматы аркылуу жыйын соңунда таратылат.

Буга чейин Жогорку Кеңеш коңшу Казактандагы акыркы кырдаалды талкуулоо үчүн кезексиз жыйынга чогула тургандыгы кабарланган болчу.

Эске сала кетсек, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.

Казак өкмөтү отставкага кетип, өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин төрагасы алмашып, Нурсултан Назарбаевдин ордуна Касым-Жомарт Токаев келди. Өлкө боюнча өзгөчө абал жарыяланды.

Токаев жардам сурап ЖККУга кайрылды, уюм бейпилдик күчтөрүн Казакстанга жөнөтүү чечимин кабыл алды.

6-январга карата Казакстандын аскер кызматкерлеринин арасында курмандыктар жана талап-тоноолор катталды.

Пикир

Оставить комментарий