• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жогорку Кеңеш Казакстанга тынчтык орнотуучу күчтөрдү жөнөтүүнү колдоду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 07.01.22. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутаттар Казакстанга тынчтык орнотуучу күчтөрдү жөнөтүүнү колдоду.

69 депутат макулдугун, жетөө каршы добушун берди.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиев Кыргызстандан 150 аскер кызматкери, 8 бронетехника жана 11 техника жөнөтүү пландалып жатканын билдирген.

Ташиев белгилегендей, Кыргызстандын тынчтык күчтөрү стратегиялык маанилүү объектилерди коргоого гана тартылат. «Биздин аскерлер кошуна өлкөнүн ички чыр-чатактарына катышпайт», - деди ал.

Эске сала кетсек, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.

Казак өкмөтү отставкага кетип, өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин төрагасы алмашып, Нурсултан Назарбаевдин ордуна Касым-Жомарт Токаев келди. Өлкө боюнча өзгөчө абал жарыяланды.

Токаев жардам сурап ЖККУга кайрылды, уюм бейпилдик күчтөрүн Казакстанга жөнөтүү чечимин кабыл алды.

6-январга карата Казакстандын аскер кызматкерлеринин арасында курмандыктар жана талап-тоноолор катталды.

Пикир

Оставить комментарий